Садыр Жапаров депутат тууралуу: Мыйзамдагы ууруга жолукканы боюнча кабарым бар
RU

Садыр Жапаров депутат тууралуу: Мыйзамдагы ууруга жолукканы боюнча кабарым бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров депутат Эмил Жамгырчиевдин Жогорку Кеңештин экинчи кабатынан секирип качканы тууралуу кабары бар экенин айтты. Өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине депутаттын чек арадан мыйзамсыз өткөнү боюнча иштин жыйынтыгына кызыкпаганын билдирди.

"Ал жигиттин Өзбекстанга чек ара аркылуу эмес, чек араны бузуп өтүп барып, "Салимбай байбача" аттуу мыйзамдагы ууруга жолугуп, эки досту жок кылганга жардам бер деп өтүнүч кылганы боюнча кабарым бар. Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери жана Өзбекстандын атайы кызматтары иштеп жатышкан. Жыйынтыгы эмне болуп жатканына кызыккан жокмун", - деди президент.

Белгилесек, 10-январда депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Бирок депутат белгисиз себептерден улам тергөө амалдарынан качып, дайынсыз жоголгон.

12-январда депутат жактоочусу менен УКМКга барып, сурак иштеринен кийин коё берилген. Андан кийин эл өкүлү Азаттыкка 17-январда парламентте өзүнө байланыштуу маселени көтөрөрүн билдирген.

Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу (5 статей)
БШК Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2 Февраль 2024, 12:50
"Дагы качайын деген". Эмил Жамгырчиевдин кармалышы боюнча УКМКнын маалыматы
25 Январь 2024, 09:52
Депутат Эмил Жамгырчиев 1 айга камакка алынды
25 Январь 2024, 00:13
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15317