Кыргызстандан Сирияга согушкерлерди тартуу менен алектенген адам кармалды
RU

Кыргызстандан Сирияга согушкерлерди тартуу менен алектенген адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ок атуучу курал, ок-дарылары менен байланышкан каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы маалыматтар табылган. Мындай маалыматты КРдин УКМКсынын басма-сөз кызматы таркатты.

Берилген билдирүүго ылайык, А.Ш.Б. Эл аралык террористтик уюмдардын чет өлкөдөгү башчысынын көрсөтмөсү боюнча Сириядагы жаңжал чыккан аймакка жалдоочуларды тартуу максатында Интернет аркылуу террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялоо менен алектенип иш алып барып жүргөн.

Табылган далил буюмдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, кармалган адам Баткен облустук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/153