Президент ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардан кабар алды
RU

Президент ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардан кабар алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров тез жардам клиникалык ооруканасына барып, Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды.

Мамлекет башчыга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык керектүү медициналык жардамдар толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабырлануучулар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө.

"Президент бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чара көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдады. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15465