Тик учак жана ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалдары айтылды
RU

Тик учак жана ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалдары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркап, Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптарга операция жасалды. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Айтымында, бейтаптардын бирине 2 күн мурун, экинчисине 5-февралда операция жасалган, абалдары оор.

Ал эми Haberler басылмасы күйүк алган кыргызстандык бейтаптардын абалдары оор экенин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы комбустиологу, профессор Корай Дашка шилтеме берүү менен жазышты.

"Чындыгында, бейтаптардын жаракаттары оор. 60%дан ашык күйүк алышкан. Биз аларды дароо дарылоого кириштик. Учурда бейтаптарга хирургиялык жана медициналык дарылоо иштери жүргүзүлүүдө. Дарылоо узакка созулат", - деди түрк дарыгери.

Адана шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Мехмет Волкан Харпут тик учак кырсыгында жаракат алган эки аскер кызматкери учурда хирургиялык реанимация бөлүмүндө дарыланып жатканын, абалдары туруктуу экенин айткан.

*****

17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулап, кырсыктан 11 адам жабыркап, экипаждын бир мүчөсү каза болгон.

Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталган. Кырсыктан 5 адам жабыркап, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, дагы бир бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда. Ал эми оор абалдагы эки бейтап президенттин тапшырмасы менен Түркиядагы ооруканага жаткырылды.

Башкы беттеги сүрөт: haberler.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15489