Чек арага чектеш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев: Биздин келечегибиз чоң!
RU

Чек арага чектеш Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев: Биздин келечегибиз чоң!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Максат айылы быйыл 30 жашка толду. Ал 1994-жылы так ушул чек араларды бекемдөө максатында Тажикистан менен чектеш жерде түзүлгөн. Ошондуктан, айылдын аты Максат деп коюлган. Айыл Баткен облусунун Лейлек районундагы так чек арада жайгашкан. Чек арага жакын жерде Тажикистандын Ходженд шаары жайгашкан. Ал эми кыргыз тараптан эң жакын чоң шаар – Раззаков (мурдагы Исфана), аталган шаар Лейлек районунун административдик борбору болуп санаталат. Айыл көбүнчө чек ара маселелерине байланыштуу массалык маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда болуп турат.

"Биздин айыл Аскар Акаев президент болуп турганда түптөлүп, мектеп, 60 үй куруп, Лейлек районундагы көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген. Ошол үйлөрдүн бирин он баланы чоңойткон менин апам алган" – дейт Максат айылынын алгачкы тургундарынын бири, азыркы айыл башчысы Сапарали Адинаев.

Мындай жаш айылдардан бул жерде бир нече. Ал эми Баткен облусу өзү Кыргызстандын эң жаш облусу. 1999-жылы Баткен окуясына байланыштуу Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорун, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарын Ош облусунан бөлүп, жаңы облус негиздөө сунушталган. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын облус борборунан алыс жайгашканы - көп маселелерди тез арада чечүүгө мүмкүндүк бербегенин баары түшүнгөн. Ал эми ошол эле жылдын 12-октябрында Кыргызстанда Баткен облусу пайда болгон.

Ошол алгачкы 60 үй-бүлөнүн баары эле Максат айылында жашабайт.

"Көпчүлүк дароо эле кетип калышкан, анткени кыйынчылыктар көп болгон. Айылда электр жарыгы, сугат суусу, ичүүчү суу, социалдык инфраструктура жок, бирок бара-бара көйгөйлөр чечилди. Тургундардын саны өстү. Ал эми 2020-жылга чейин бул айылда 200гө жакын үй-бүлө жашаган"

Сапарали Адинаев туулуп-өскөн айылынын гүлдөп-өнүгүшү үчүн көп иштерди жасаган.

"Айыл башчы болуп дайындалгандан бир топ мурун эле айылдын иштерине катышып келгем, - дейт Адинаев.- Мурунку айыл башчысы келечекте менин ордумду ээлейсиң десе, күлүп койчумун. Көп өтпөй жашоочулар мени тандап алышты. Ошондуктан мен алардын ишеничин актагым келет, алардын кызыкчылыгын коргоого аракет кылам", - дейт Адинаев.

Алыскы айылдарда айыл башчысынын орду чоң. Аны жашоочулар өздөрү кызматка дайындап, бул маселеге кылдат мамиле кылышат. Бийликтин алдында айылдын кызыкчылыгын коргоп, чыр-чатактарды, көйгөйлөрдү, дал ошол адам айылдын күнүмдүк турмушуна байланышкан маселелерди чечүүгө туура келет.

Сапарали Адинаевди Максат айылы эле эмес, башкалар да тааныйт. 2020-жылы ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселеси боюнча нааразычылык акцияга катышканы үчүн Адинаевге карата кызматтык иликтөө жүргүзүп, керек болсо кызматтан алуу тапшырмасын берген.

"Жетекчилердин мамлекеттин саясатына, президенттин саясатына каршы чыгып сүйлөгөнү туура эмес", - деген анда Разаков.

Айыл башчысына Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев болушкан.

"Митингде эл бийликти басып алууга, баш аламандык уюштурууга аракет кылбайт, өз талаптарын гана айтышкан. Эл чогулуп жатат деп коркпош керек. Басмырлап, куугунтуктагандын ордуна аларды угуш керек", - деген депутат.

"Мен анда эмгек өргүүдө болчумун, жеке иштерим менен Бишкекке келгем. Ошол учурда Ак үйдүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг өтүп жаткан. Учурдан пайдаланып, чек арага жакын айылдардын көйгөйлөрүн кароо керектигин айткам. Мен Максаттын жашоочулары көйгөйлөрдөн улам көчкүсү келип жатканын белгилегем", - деп эскерет Адинаев, айыл чек арага жакын аймак катары өзгөчө статуска ээ экенин баса белгилеп жатып.

Кыргызстанда 2011-жылдан бери "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө макам берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" мыйзам иштеп жатат, бул өзгөчө жеңилдиктердин болушун жана социалдык объектилерди артыкчылыктуу курууну кепилдеген. Бирок мыйзам дайыма эле тийиштүү деңгээлде аткарылган эмес. 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган учурда колдоо программасына экономикалык абалы оор айылдар кирбей турганын айткан.

"Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тизмесин бекитүүдө талаптарды толук иштеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары программада конкреттүү иш-чаралар, мөөнөттөр, бюджет жана жооптуулар бекитилиши керек", - деген Жээнбеков.

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстандын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйынын өткөрдү. Адылбек Касымалиев ведомстволор аралык комиссиянын өкүлдөрүн өзгөчө статуска ээ конуштарды тандоодо кылдат мамиле кылууга чакырды.

"Бийлик чек ара аймактарына мүмкүн болушунча көбүрөөк көңүл бурушун каалайбыз, - дейт Адинаев. - Бул жерде элди жашоого кызыктырышыбыз керек, ал үчүн жумуш орундарын түзүү жана албетте чек ара маселелерин чечүү зарыл".

Азыр Максат айылында электр жарыгы, суу гана эмес, кадимкидей жашаганга бир топ керектүү нерселер бар. Бул жерге фельдшердик-акушердик пункт, мектеп, бала бакча, милициянын участкалык пункту курулду, жолдорго асфальт төшөлдү... Бирок, айыл тургундары биринчи кезекте чек ара маселесинин чечилишин күтүп жатышканын айтышат.

"Биздин айылдын келечеги кең, биз жаңы келгенде бул жерде суу да жок болчу, эми карагылачы, бизде айыл кандай көрктөндүрүлгөн", - дейт Адинаев.

Адинаев балдары аны башка аймакка көчүп кетүүгө көндүрүүгө аракет кылып жатканын айтууда. Бирок ал бул жөнүндө ойлонбойт дагы. Ал, тескерисинче өзүнүн келечегин өзүнүн туулган айылында гана көрөт жана аны өнүктүрүү боюнча максаттары жөнүндө дилгирлик менен айтып берди. Ооба, азырынча булар кыялдар. Бирок чек арадагы маселелер чечилгенден кийин алардын баары толугу менен аткарыла турган тилектерге айланат. Максаттын тургундары мындан күмөн санашпайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15693