Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеди
RU

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондун жетектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси болуп Кудрет Тайчабаров дайындалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына фонддон тастыкташты.

Кошумчалай кетсек, Кудрет Тайчабаров өзү да Facebook баракчасына Туризмди өнүктүрүү фондунда иштей баштаганын билдирди.

Эске салсак, Тайчабаров буга чейин "Бишкек" эркин экономикалык аймагын (ЭЭА) жетектеп, катуу билдирүүлөрү жана чуулгандуу иштерге катышуусу менен өзгөчөлөнүп келген. Тактап айтканда, ал социалдык тармактарда кыргыз кыздары тууралуу билдирүүлөрдү жазып, Россия менен Түркиядагы мигрант аялдардын дээрлик бардыгы сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштешет деген пикирин билдирген. Экинчи жолу тамеки тарткан кыздарды сындаган.

2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин Тайчабаров күтүүсүздөн "Бишкек" ЭЭАнын башчысы болгон.

ЭЭАнын директору болуп турганда ал кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, 24.kg маалымат агенттигин "маалыматты жана заказдык материалдарды бир жактуу берген" деп сотко берем деп коркуткан.

Тайчабаров президенттин кеңешчиси Адинай Марипованын бир тууганы. Ал бул кызматка 2021-жылдын апрель айында келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15756