Россияда суу майга жана шекерге баа төмөндөй баштады
RU

Россияда суу майга жана шекерге баа төмөндөй баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык соода түйүндөр суу май жана шекерге бааларды төмөндөтө баштады. Мындай иш чаралар бааларды стабилдештирүү макулдашуусунун алкагында жүрүүдө, деп Минпромторгдун башчысы Денис Мантуров билдирди. Бул жөнүндө РИА Новости жазып чыккан.

Х5 Retail Group'тун аткаруучу директору Игорь Шехтерман бул маалыматты тастыктап, компания бааларды төмөндөтө баштаганын билдирди. Эске салсак, Х5 Retail Group'ка "Пятерочка", "Перекресток", "Карусель", "Копейка" соода түйүндөрү кирет.

Белгилей кетсек Кыргызстанда да кумшекер, ун, суу май жана этке баалар кескин көтөрүлгөн. Жеткирип берүүчүлөр (поставщик) ассоциациясынын жетекчиси Гульнара Ускенбаеванын берген маалыматына ылайык, мамлекеттеги баалардын коюлушуна АКШ долларынын курсунун өзгөрүшү таасир этти. "Кыргызстан импорттон көз каранды мамлекет, негизги азык-түлүк сырттан алып келинет", - деди Ускенбаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/157