Иран Израилге сокку урду. Окуянын чоо-жайы
RU

Иран Израилге сокку урду. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-апрелге оогон түнү Иран Израилге абадан сокку урду. Бул Ирандын Израилге Дамасктагы консулдугуна жасалган сокусуна жооп иретиндеги ири чабуулу дешти Иран бийлиги.

Кырдаал боюнча урунттуу учурлар:

  • [list]Иран Израилди көздөй 185 дрон, 146 ракета учурду;
  • Байден Израиль АКШнын жардамы менен Ирандын дээрлик бардык ракеталары жана дрондорун атып түшүргөнүн айтты;
  • Алдын ала божомол боюнча, Израилге келтирилген зыян соккунун масштабын эске алганда "салыштырмалуу аз";
  • БУУнун Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйыны 14-апрелге пландалган;
  • БУУнун башкы катчысы дүйнө дагы бир согушту көтөрө албасын айтып, кырдаалды курчутпоого чакырган;
  • Иран Тегерандын максаты кырдаалды курчутуу эмес экенин айтып, бирок Израиль аскердик агрессия көрсөтө турган болсо, жообу мындан да катуу болорун эскерткен.
[/list]

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15938