Сот Бостеридеги эс алуучунун өлүмү боюнча өкүм чыгарды. 4 шектүү 15 жылга эркинен ажырады
RU

Сот Бостеридеги эс алуучунун өлүмү боюнча өкүм чыгарды. 4 шектүү 15 жылга эркинен ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын жай айларында Бостеридеги адам өлтүрүү фактысы боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына Ысык-Көл райондук сотуна билдиришти.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 5-августунан 6-августуна караган түнү Ысык-Көлдө 23 жаштагы Бекболот Аманкулов каза болгон. Анын сөөгү таңга жуук Golden Sands пансионатынын жээгинен табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр: Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган Б.Б., ошондой эле Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган тургундары Ж.Р.К жана Э.А.К., 1995-жылы туулган А.У.А. кармалган. Аларга кылмыш иши козголуп, бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары кылмышты жашырган деген шек менен бир нече милиция кызматкерлери кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл райондук соту кылмышка шектүү катары соттолгон Б.Б.Т., Э.А.К., Ж.Р.К жана А.У.А.га карата өкүм чыгарган.

Сот төртөөнү тең күнөөлүү деп таап, Б.Б.Т., Э.А.К., Ж.Р.К жана Э.А.К.ны "Бейбаштыктан улам бир топ адамдар тарабынан жасалган адам өлтүрүү" беренеси боюнча 15 жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары сот жабырлануучулардын пайдасына моралдык чыгым үчүн ар биринен 250 миң сомдон, ал эми бардык соттолуучулардан дагы 180 миң сомдон материалдык чыгым үчүн жабырлануучулардын пайдасына өндүрүп берүүнү чечти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15969