Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Олимпиадага жолдомо үчүн беттеш башталды
RU

Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Олимпиадага жолдомо үчүн беттеш башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрель күнү Бишкекте Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо (лицензия) берүүчү Азиялык турнири старт алды.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча 6 салмакта (57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг) мелдештер орун алып, өлкө намысын 6 балбан коргойт. 1-2-орунду ээлеген спортчулар Олимпиадага жолдомо алышат.

57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштайт. Анда Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбан менен күч сынашат.

65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Карим менен күрөшүп, 10:0 эсебинде атаандашын утту.

74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалда Бахрейн мамлекетинин атынан чыгып жаткан орусиялык Магомерасул Аслуев менен беттеш өткөрөт.

86 кг чейинки салмакта Нуртилек Карыпбаев 1/4 финалга чыгуу үчүн камбожиялык Вытуй Ханга аттуу спортчу менен таймашып, жеңди. Алдыда кытайлык Зушен Лин аттуу балбан менен жарым финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

97 кг чейинки салмакта Андрей Аронов 1/8 финалда түркмөнстандык Шатлык Хемеляев менен күрөшүп, акын даты беттеши ийгиликтүү аяктады.

125 кг чейинки салмакта Айаал Лазарев 1/4 финалдык баскычтан баштайт. Атаандашы пакистандык Заман Анвар жана казакстандык Юсуп Батымурзаевдин кармашынан кийин билинет. Кыргызстандык спортчу жеңүүчүсү менен чыгат.

Эскерте кетсек, аталган лицензиялык мелдеш Бишкекте биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15980