Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолугушуп, президенттикке аттануудан баш тартты
RU

Садык Шер-Нияз Садыр Жапаров менен жолугушуп, президенттикке аттануудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз президенттик шайлоодон өзүнүн талапкерлигин алып салууну чечти. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда, Facebook'тагы түз эфири учурунда билдирди.

Бүгүн эртең менен экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушуу болду, деди Садык Шер-Нияз.

"Жолугушуу Садыр Жапаровдун резиденциясында болуп, чай үстүндө жөнөкөй атмосферада өттү. Жолугушуу учурунда ар бир тарап өз позициясын билдирди, мен түшүнүүгө аракет кылдым, ал колдойбу же жокпу. Билим берүү, маданият, сот системасы тармактары боюнча толугу менен менин позициямды колдойт экен", - деди ал.

Андан кийин Садык Шер-Нияз президенттик ат салышуудан өз талапкерлигин алып сала тургандыгын маалымдады. "Сүйлөшүү ийгиликтүү өттү, деген пикирге токтодум" - деп кошумчалады.

Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Садык Шер-Ниязды билдирүүсүнө чейин 47 талапкер бар болчу.

Конституция долбоорунун авторлору референдумду да ошол эле күнү өткөрүп салууну сунуштап жатышат. Юристтердин жана жарандык коомдун пикири боюнча референдум менен президенттик шайлоону бир күндө өткөрүү мыйзамсыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15