Башкаларга кызмат кылбашы үчүн өспүрүмгө максат койгонду үйрөтүү жолдору
RU

Башкаларга кызмат кылбашы үчүн өспүрүмгө максат койгонду үйрөтүү жолдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Максат - жашоонун маңызынын бир бөлүгү. Так коюлган максаттын аркасы менен күнүмдүк жашоо күтүү эмес, ар бир кадам менен конкреттүү нерсеге жакындата турган жолго айланат. Мунун менен жашоону текке кетип жатат деп айтууга болбой калат.

Мындан тышкары, максат коюу адамга өзүнүн чыныгы баалуулуктарын жана мотивдерин түшүнүүгө жардам берет, креативдүүлүгүн, логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өрчүтөт.

Максат коюуну үйрөнүү эч качан кеч эмес, бирок аны балачактан жасоо маанилүү. Балаңызга алдыга максат койгонду, каалаган нерсесине жеткенди канчалык эрте үйрөтсөңүз, ошончолук жакшы. Бул жөндөм өспүрүм куракта экзаменди жакшы тапшырууга, спорттон ийгиликтерди багынтууга, жогорку окуу жайларга өтүүгө жана бойго жеткенде ийгиликтүү жана бактылуу адам болууга жардам берет.

Психолог Елена Сопрунова Kaktus.media сайтына максат коюунун маанилүүлүгү тууралуу айтып берип, өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине бир нече кеңештер менен берди.

Өспүрүмдөрдүн жеке жана кесиптик өнүгүүсү үчүн максат коюунун мааниси

Максат коюу абдан маанилүү, анткени аларды койбосо, анда адам кайда багыт алуу керектигин билбей калат.

Эгерде адамдын максаты болбосо, анда ал өмүр бою башка бирөөнүн максатына кызмат кылып өтөт. Ал эми өзүңдүн максатың болсо, анда өз жашооңуз менен жашап, бийиктиктерди багынтасың.

Өспүрүм бирөөнү ээрчибеши үчүн инсан катары калыптанышы керек. Ээрчиген адам – бул башка адамдардын максаттарына кызмат кылган адам. Инсан катары жетилген адам өзүн угуп, муктаждыктарын түшүнүп, бул жашоодо эмнени каалап, эмне каалабай турганын так билет, максатына карай кайсы жол менен барарын билет. Ал буларды билбесе да, ийгиликсиздикке карабастан, кимдир бирөөдөн жардам сурап, андан ары аракет кылуудан коркпойт.

"Мен өзүм 30 жашка чейин башка бирөөнүн жашоосу менен жашадым. Мен баарына жакшы көрүнөт элем, бирок мен өзүмдүн жашоомду жашачу эмесмин. Эмнени каалап, эмнени каалабай турганымды түшүнгөндөн кийин, деги эле менин бир нерсени каалоого укугум бар экенин түшүнгөндөн кийин абдан таң калдым. Ошондон кийин менин жашоом кескин өзгөрдү", - дейт психолог.

Башка адамдар менен мамилелерди өнүктүрүү

Биз социалдык жандыктарбыз жана коомдо жашайбыз. Өспүрүм курактагы негизги чөйрө - бул теңтуштар жана ата-энелер. Бул жерде өз ара аракеттенүүнү үйрөнүү, өзүңдү окуучу, дос, бала катары өнүктүрүү маанилүү. Анткени биз күн сайын бири-бирибиз менен аракетте болобуз.

Психолог адамдар менен өз ара аракеттенүү үчүн максаттарды коюу зарыл экенин баса белгилейт. Өспүрүм куракта социалдык аспектти өнүктүрүү жана адамдар менен баарлашуу үчүн ыктыярчылык абдан жакшы тажрыйба берет. Бул ар кандай социалдык статустагы адамдар менен таанышууга, жолуңду түшүнүүгө, ошонун негизинде максат коюуну үйрөнүүгө өбөлгө болот.

Максат коюу процессинде ата-эненин ролу

Ата-эне балдарынын максат коюу жөндөмүндө эң маанилүү ролду ойнойт. Көбүнчө ата-энелер баласы дени сак жана эч нерседен кем болбосо деп гана тынчсызданышат. Ал эми баланын ичинде болуп жаткан нерсеге көңүл бурулбайт, же муну эркелик менен байланыштырышат. Биз балдар менен жашайбыз, бирок алардын чоңоюп баратканын, өздөрүнүн муктаждыктары бар экенин байкабайбыз.

Ата-эне баласына кылдат мамиле кылышы керек, ошондо анын эч кандай максаттары жана кызыкчылыктары жок экенин байкоо мүмкүн. Балким, бала көбүнчө телефондо же телевизордун алдында отурат, телефон менен көпкө сүйлөшөт же көчөдө максатсыз тентип жүрөт. Бул баланын жашоодо эч кандай максаты жок болушу мүмкүндүгүнөн кабар берген коңгуроо.

Бул учурда ата-эне баланын болбогон нерсе менен алектенип жүргөнү үчүн баркын кетирбей, аны менен кызыкчылыктары жөнүндө сүйлөшүү керек. Бала менен байланышта болуу зарыл. Ага үлгү көрсөтүү абдан маанилүү. Эгерде ата-эненин өзүнүн максаты жок болсо, балага максат болушу керектигин жеткирүү кыйынга турат.

Көптөгөн ата-энелер бала эч нерсе каалабайт деп нааразы болушат. Ал эми баланын олунда баары бар болсо, ал эмнени кааламак эле? Айталы, бардык гаджеттери бар, ата-энеси ал үчүн бардыгын чечип коюшкан: кандай китептерди окушу керек, ким менен дос болот, кайда барат же барбайт.

Өспүрүм кичинекей бала эмес, ошол эле учурда бойго жеткен адам эмес. Анда жашоо, эл, баалуулуктар тууралуу түшүнүктөрү калыптана элек. Ал жаңыдан калыптанып келе жатат. Демек, өспүрүм өз жашоосун өзүнө керектүү багытта калыптандыруу үчүн өзүнүн каалоолорун түшүнүүгө үйрөнүшү керек.

Өспүрүм ата-энесинин талабы менен өзү каалаган эмес, ата-энеси тандаган ЖОЖго тапшырган учурлар көп кездешет. Дипломду алып келип ата-энесине берет, бирок билим алган кесиби боюнча өзүн өнүктүргүсү келбейт. Эң жакшы учурда, өспүрүм өзү эмнеге кызыкса, ошол нерсе менен алектенүүнү чечет. Ошол эле убакта, өзү каалаганын жасоого мүмкүнчүлүк бербей, өмүр бою жетиле элек абалда жашагандар да болот.

Кичинеңден эле каалоолоруңду түшүнүп, максатты туура койгонду үйрөнүшүң керек. Бул нерсе инсан катары өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет, мотивацияны жогорулатат жана жашоонун сапатын жакшыртат.

Максатты аныктоо, ага жетүү үчүн план иштеп чыгуу

Психолог өзүн уга албагандар жана каалоолорун так түшүнө албагандар үчүн, аң-сезим менен практика жасоону сунуштайт.

Максат коюу үчүн бардык каалоолорду жазып туруу керек. Максаттын каалоодон айырмасы: максаттын так мөөнөттөрү бар.

Өспүрүм бүгүн, эртең, бир жумада, бир ай же бир жылдан кийин эмне каалап жатканын жазышы керек. Ар бир "Мен каалайм" деген жазуудан кийин беш сөздөн ашык эмес жазуу керек. Андан кийин, ар бир "Мен каалайм" деген жазуунун тушуна бир символду тартуу сунушталат. Бул сан, күн, өсүмдүк, жаныбар, же башка бир нерсе болушу мүмкүн.

"Андан кийин аны карап, өзүңдөн символдордун кайсынысы жагымдуураак экенин сураш керек. Бул өзүнө карата жасалган биринчи кадам болот, эмнени угуп, эмнени каалап, эмнени жактырып, эмнени жактырбай турганыңды түшүнөсүң. Бул аң-сезимден келген бир ишарат болот. Бул максат бала үчүн актуалдуу болот. Анан өзүңдөн минтип суроо керек: бул максат канчалык пайдалуу же бул максатка жетүү мага эмне берет. Эгерде максат күмөн жаратпаса, тескерисинче күчтөнүп баратса, ага жетүү үчүн конкреттүү мөөнөттөрдү коюп, андан аркы аракеттерди баштаса болот", - деп түшүндүрөт адис.

Максатка жетүү үчүн кадамдарды аныктоо маанилүү. Өспүрүм өз алдынча жасай албай жатса, ал ата-энесине же авторитет катары санаган адамына кайрылса болот.

Чоңдор үчүн бул болбогон нерседей көрүнсө да, бала үчүн бул абдан маанилүү, анткени ал жаныдан үйрөнүп жатат.

Жолду (максатты) аныктагандан кийин, аны бөлүктөргө жана этаптарга бөлүү керек. "Пилди бөлүп жеген жакшы" дегендей.

Мисалы, велосипед сатып алуу үчүн каражат чогултуу керек. Өспүрүм акчаны кайсы булактардан алса болорун жазып чыгат. Мисалы, жакындарынан туулган күнүнө белек бербей эле, велосипед үчүн бир аз болсо да акчалай салым кошууну суранса болот. Ошондой эле баракчаларды таратуу сыяктуу жумуш таба алат.

Буга кошумча өспүрүмгө максатына жетүү үчүн жасай турган кадамдарынын картасын түзүп, бөлмөсүнө илип коюу сунушун берсе болот. Бардык сыйлыктар, ийгиликтер, картадагы шыктандыруучу сүрөттөр ага мотивация берет.

Ийкемдүүлүктүн жана пландарды оңдоонун маанилүүлүгү

Албетте, максатке жетүү жолунда каталар кездешет. Алардан сабак алып, алдыга жылуу маанилүү. Ката кетирүүдөн коркпош керек, анткени эч нерсе кылбаган адам гана ката кетирбейт.

Өспүрүмдөрдүн эң аялуу жери: эгер алар бир жолу жаңылыштык кетирсе, болду болбойт деп ойлогонунда. Эгерде бир ыкма иштебесе, башкасын сынап көрүү керек, эң негизгиси токтобой аракетти улантуу зарыл.

Лампанын ойлоп табуучусу Томас Эдисон айткандай: "Мен жеңилген жокмун. Мен жөн гана иштебеген 10 000 ыкманы таптым." Ар кандай ыкма тажрыйба болуп саналат.

Бул жерде да ата-эненин колдоосу маанилүү, алар мындай сөздөрдү айтпашы керек: "Мындай кылбашың керек болчу", "Мен сага эскерткем" ж.б.у.с. Балага: "Сен азаматсың", "Баары жакшы", "Уланта бер" деп айтуу маанилүү.

Балага башка чечимди табууга жардам берүү керек, даяр чечимди бербеңиз, аны менен чогуу табууга аракет кылыңыз. Эгер бала жардам сурап кайрылса гана жардам бере аласыз. Анын колунан келип жатса, аралашуунун кереги жок. Баарын өзү кайра-кайра сынап көрсүн.

Анан бала өзүнө суроо бере алат: "Бул менин максатымбы?" Балким, ал досуна кошулуп согуш өнөрүнө же музыкага баргандыр, бирок чындыгында ал бул нерселерден ийгиликке жетпейт же кызыкпайт. Балким, ал гимнастикага барууну же сууда сүзүүнү каалайт. Бул жаатта ата-эненин колдоосу да маанилүү.

Өспүрүмдөргө өзүн-өзү уюштуруунун жана убакытты пландаштыруунун ыкмаларын үйрөтүү

Бала үчүн күн тартибин сактоо маанилүү: жетиштүү уктап, туура тамактанып, энергияга ээ болушу үчүн.

Балага убактысын туура башкарууну үйрөтүү керек. Күн тартибин сааттарга бөлүп жазып, балага жолго, окууга, хоббиге жана эс алууга убакытты кантип эсептөө керектигин айтып берсе болот. Бул үчүн күндөлүктү, календарды, жадакалса телефонду колдонсо болот.

Бөлүнгөн интервалдарда пландаштырылган тапшырманы аткарып, алаксыбашы керек. Эң негизгиси, бул же тигил иш-аракет канчага созулаарын болжол менен түшүнүү. График ийкемдүү болуп жана пландар өзгөрүшү мүмкүн. Бул жерде ыңгайлаша билүү маанилүү.

Балада ушундай адат пайда болсо, келечегине чоң жардам болот. Ушундай жол менен бала өз алдынчалыкка үйрөнөт. Ойготкуч саатты өзү коет, сумкасын салыштырат, машыгуу формасын өзү даярдайт. Ата-эне жардам берсе болот, бирок бала үчүн жасабашы керек. Бул нерселерди өспүрүм куракта эмес, жети жаштан баштап үйрөтүү керек.

Мектеп окуучуларынын күнүн пландаштырып баштоого боло турган биринчи нерсе - бул мейкиндикти уюштуруу. Сабак аткара турган жерин тартипке келтирүү - кеңсе буюмдарын, окуу китептерин кооз жайгаштыруу маанилүү. Сабак аткара турган мейкиндиги башаламан болгондо, стресстин деңгээлин жогорулатат.

Өз ордуна коюлган нерселердин аркасы менен баланы алаксыта турган "визуалдык ызы-чуу"болбойт.

Мындан тышкары, билдирүүлөргө алаксып, социалдык тармактарга көз жүгүртө бербеши үчүн гаджеттерди колдонууну чектөө маанилүү.

Ошондой эле бала менен дем алыш күндөрүн, эс алууларды жана майрамдарды чогуу пландаштыруудан баштаса болот. Каалоолор картасын тартып, ойго келген бардык идеяларды жазса болот. Андан кийин эң көп кызыгуу жараткан нерсени тандап, күндү пландаштыргыла. Эгерде бул тоого чыгуу болсо, анда алдын ала кийимдерди ойлонуп, рюкзактарды жыйнап, маршрутту талкуулагыла. Бала муну ата-энесинин минималдуу жардамы менен өз алдынча жасаганы маанилүү.

Ошондой эле каалаган максаттарга жетүү үчүн кадамдарды деталдуу түрдө сүрөттөгөн каалоо картасы же ушул сыяктуу иш-аракеттер планы колдонулушу мүмкүн.

Күнгө, жумага, айга, жылга пландарды түзүү маанилүү. Маанилүүлүгү жана актуалдуулугу боюнча милдеттерди блокторго бөлүүгө болот:

  • шашылыш жана маанилүү;
  • шашылыш, бирок маанилүү эмес;
  • шашылыш эмес, бирок маанилүү;
  • Шашылыш эмес, маанилүү эмес.

Эгерде жасай турган көп нерсе топтолуп калса, жана өспүрүм биринчи кезекте эмне кылууну жана эмнени кийинкиге калтырууга болорун билбей турганда, бул аракеттер жардам болот.

Прогресске көз салуу, натыйжаларга баа берүү

Максаттарга жетүү үчүн прогресске көз салып туруу керек, зарыл болгон учурда, иш-аракеттерди өзгөртүү дагы абдан маанилүү болуп саналат.

Эң негизгиси - натыйжаларды башкалардыкы менен эмес, өзүңдүкү менен салыштыруу.

Убакыттын ар кандай этаптарында иш-аракеттерди жазуу зарыл. Ошондо бир ай, алты ай, бир жылдан кийин прогрессти көрсө болот. Мисалы, бул убакыттын ичинде эмне кылганыңды, эмнелерди үйрөнгөнүңдү түшүнөсүң. Бул үчүн өзүңдү мактап, өзүңдү кубаттоо маанилүү.

Жетишкендиктериң үчүн дептер ачып, ал жакка эртең менен тургандан баштап, күн сайын эмнеге жетишкениңди жазсаң болот. Чарчаганда же багынгың келгенде, ал дептерди ачып буга чейин жасалган аракетиңди көрүп, алдыга кадам таштоого шыктана аласың.

Ошондой эле ата-эне баласын бардык аракеттери үчүн мактап турганы маанилүү. Ага кичинекей белек берип же киного алып барса болот.

Мындан тышкары, ата-энелер үйүндө кандайдыр бир бонустук системаны киргизе алышат. Мисалы, эгер бала планшет алгысы келсе, анда ага тапшырмаларды берип (үй жумуштары, спорт же чыгармачылык натыйжалар, мектептеги баа болушу мүмкүн), алар үчүн бонустарды сунуштаса болот. Бул жерде мотивация кызыгуудан келип чыгат.

Максаттарга жетүү үчүн куралдар жана ресурстар

Бүгүнкү күндө интернеттен прогресстерди пландоого жана көзөмөлдөөгө жардам берген көптөгөн колдонмолорду жана онлайн куралдарды табуу мүмкүн.

Өспүрүмдөр арасында эң популярдуу колдонмолор: Trello, Any.do, Notion.

Максат коюу жаатында өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн адабияттарга жана материалдарга токтолсок, психолог өз алдынча бир нерсени тандап алууну сунуштайт.

"Рынокто жана интернетте ар кандай мотивациялоочу адабияттар көп. Китеп дүкөнүндө каалаган бир китепти ачып, ага баа берүү үчүн бир-эки бетти окусаң болот. Эгер ал китеп сага жакса, тили түшүнүктүү болсо, анда сатып аласың. Бул жерде сага туура келбей калышы мүмкүн болгон сунуштарды аткаруу менен эле чектелбеш үчүн, алгач өзүңдү угуу жана ага чындап кызыгып жатасыңбы түшүнүү маанилүү. Анткени ар кимдин максаттары жана ага жетүү жолдору ар кандай болот",- деп жыйынтыктады Елена Сопрунова.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (35 статей)
Эмне үчүн АИВти эрте аныктоо маанилүү жана өлкөдө анализдердин кандай түрлөрү бар
18 Июнь 2024, 10:33
Баланы сексуалдык зордук-зомбулуктан кантип коргоо керек? Психотерапевт айтып берет
11 Июнь 2024, 14:59
Канткенде өспүрүм конфликтти жөнгө салып, аны башкарууга үйрөнө алат?
11 Июнь 2024, 11:43
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16190