WhatsApp Web'де көптөн бери күтүлгөн функция пайда болот
RU

WhatsApp Web'де көптөн бери күтүлгөн функция пайда болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

WhatsApp Web'де көптөн бери күтүлгөн функция пайда болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

WhatsApp'тын компьютердик жана веб-версиясында телефон чалуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Программаны иштеп чыгуучулар үн жана видеотелефон чалууларды тесттен активдүү өткөрүп жатышат. Айрым колдонуучулар программанын жаңыланган интерфейсин көрө алышат, анда үн билдирүү жана видеочалуу кнопкалары пайда болгон.

WhatsApp'тын веб-версиясындагы телефон чалуу учурда бета-тестирлөөдөн өтүп жатат. Мессенджер азырынча бул функциянын релиз боло турган расмий күнүн жарыя кыла элек.

Буга чейин үн билдирүү жана видео чалуу смартфондорго эле таандык өзгөчөлүк болчу. Бирок инсайдерлер белгилегендей, жакныкы жумаларды опция бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болуп калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/161