Панфилов районунун акимин Жапаровду колдойт деп айыпташты
RU

Панфилов районунун акимин Жапаровду колдойт деп айыпташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-декабрда Боршайкомго Чүй облусунун, Панфилов районунун, Эне-Сай айылында жашаган Чортонова Ж.С.деген жарандан арыз келип түшкөн.

Чортонованын билидирүүсүнө ылайык, Садыр Жапаровдун жергиликтүү штабынын мүчөлөрүнүн көбү "Биримдик" саясий партиясынын өкүлдөрү.

15-декабрда Жапаровдун борбордук штабынын жетекчилери келгенде, аларды Панфилов районунун акими Эмир Аманкулов коштоп жүрдү, деп Чортонова белгиледи.

Чортонованын пикири боюнча, Аманкулов үгүт иштерине катышат жана Садыр Жапаровду колдоо иштерин уюштурууда административдик ресурсту колдонот.

Арызга тиешелүү материалдардын бардыгы прокуратурага жана ИИМге жөнөтүлдү.

Эске салсак, өткөн жумадан тартып президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталган. Ал 2021-жылдын 9-январынын эртең менен саат 8:00го чейин созулат. Президенттик шайлоого бардыгы болуп 18 талапкер ат салышууда. Мөөнөтүнөн эрте белгиленген президенттик шайлоо жана референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/162