Руслан Казакбаев ЖККУдагы кесиптештери менен Тажикстандан жолугат
RU

Руслан Казакбаев ЖККУдагы кесиптештери менен Тажикстандан жолугат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин катышуусунда ЖККУнун мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин, ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү маселелер боюнча пикир алышуу, ошондой эле ушул жылдын экинчи жарымында Душанбе шаарында өткөрүүнү пландаштырып жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшүн талкуулоо пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1646