25 жыл мурун автосервиске мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекет менчигине кайтарылды
RU

25 жыл мурун автосервиске мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекет менчигине кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген, баасы 98 160 000 сомдук 4 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы таркатты.

Белгилүу болгондой, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимдигинин (азыркы мэрия) 1996-жылдын 22-августундагы мыйзамсыз буйругу менен аталган шаардан 4 гектар болгон жер аянтын "А." аталышындагы ишкерлер ассоциациясына менчик катары автосервис куруу үчүн берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндөгү шаардык прокуратуранын доо арызы бардык соттук инстанциялар тарабынан канааттандырылган. Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы жер

тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1647