Камчыбек Ташиев жездеси жана президенттин инисинин кармалышы боюнча комментарий берди
RU

Камчыбек Ташиев жездеси жана президенттин инисинин кармалышы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн жыйында тууганы жана Садыр Жапаровдун инисинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Ташиев мыйзам бузгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары болобу, министрлер кабинетинин мүчөлөрү болобу же башка жогорку кызматтагы адамдар болобу, баары жооп берерин билдирип, аткаминерлерге эскертүү берди.

"Уккан чыгарсыздар, азыр президенттин иниси камалды, менин келинчегимдин эжесинин күйөөсү да камалды. Ал дагы мыйзамды бузду. Мыйзам алдында жооп берет, эч кайда качпайт. Андыктан мэр, аким, губернатор болсоң эле сага тийбейт деп ойлобогула, бир сааттын ичинде эле кармаласыңар", – деди Ташиев.

Эске салсак, 17-июлда укук коргоо органдары тарабынан президенттин аталаш иниси Улан Жапаровду алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Кийинчерек, Камчыбек Ташиевдин жездеси алдамчылыкка шектелип кармалганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16715