Эльнура Молдокадырова менен Ринат Самүдүнов эсиңиздеби? Алар эки айры жолго түштү
RU

Эльнура Молдокадырова менен Ринат Самүдүнов эсиңиздеби? Алар эки айры жолго түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШдан саясий башпаанек алган Эльнура Молдокадырова менен Ринат Самүдүнов ажырашып кетишти. Бул тууралуу Молдокадырова өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

"Мен сага ыраазымын ... Мен өзүмдү артыгыраак сүйүп калдым. Кыргызстандан Америкага болгон жолду басып өтүү мен үчүн оңой болгон жок, бул жол мени чыдамкайлыкка, ийкемдүүлүккө үйрөттү.

Мен жеке коркунучумду жеңүүнү, кандайдыр бир жумуштан коркпогонду, тобокелге барууну үйрөндүм. Мен бир бутум менен унаа башкарууну үйрөнүп, жүк ташуучу унаанын рулуна отурганым үчүн сага ыраазымын.

Мен адамдарга көбүрөөк жардам берип, андан ырахат алууну үйрөндүм. Мен блог жүргүзүүнү сүйүп, аны акчага айландырдым. Жаңы идеяларды жаратып, аны бизнеске айлантууну үйрөндүм. Ата-энемди ого бетер жакшы көрүп, адамдарды кечирүүнү үйрөндүм. Мен сүйүүнү үйрөндүм.

Менин жашоомдо болгонуңа рахмат. Баардыгы керемет болду. Ринат Самүдүнов, сага ыраазычылык билдирип, мындан да мыкты, ийгиликтүү, жаңы дүйнөнү ачам деп ишенем", - деп жазган ал.

Ал эми Самүдүнов өз кезегинде төмөндөгүдөй пикирин калтырган.

"Урматтуу достор, кээде жашоо күтүлбөгөн сыноолорду жана сюрприздерди камдап коёт экен. Узакка созулган талкуулардан жана кеңешүүдөн кийин Элнура экөөбүз ажырашуу чечимине келдик. Биз ар башка болуп чыктык, бирок жакшы достор катары ажыраштык. Мен Эльнурага баардыгы үчүн ыраазымын..Биз кыска аралыкта түркүн жашоону баштан кечирдик. Мен ага чын жүрөктөн ийгилик жана бакыт каалайм жана ар дайым колдоп турууга даярмын. Мен экөөбүздүн жакшы болушубузга жана баары жакшы болушуна ишенем. Бул жашоодо өз жолуңду тап. Биздин чечимге түшүнүү менен мамиле жасоону суранам. Рахмат сага, Эльнура!", - деп Ринат жазган.

Эске салсак, 2017-жылы күзүндө Эльнура Молдокадырова жана анын күйөөсү, КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ринат Самүдүнов АКШдан саясий башпаанек сураган. Андан бери Молдокадырова видео блог ачып, анда АКШдагы кыргызстандыктардын жашоосу жөнүндө баяндап келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1685