"Камчыбек ата, жардам бериңизчи" Кичинекей кыз апасынын укугун коргоп Ташиевге кайрылды
RU

"Камчыбек ата, жардам бериңизчи" Кичинекей кыз апасынын укугун коргоп Ташиевге кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин районунда турган кичинекей кыз УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылды. Видео кайрылуу YouTube'га жайгаштырылган.

Тогуз жашар мектеп окуучусу ыйлап, мектеп жетекчиси апамды кордоп жатат, деп айтып берет. Кыздын айтымында алар апасынын абалын эсин жоготуп жыгылып калганга чейин жеткиришкен.

"Саламатсызбы Камчыбек ата, мен Кемин шаарынын тургуну Шакирова Асема, мен 9 жаштамын. Мен Жалил Садыков атындагы №1 мектебинин окуучусумун. Мен бул мектепте 3 жылдан бери окуймун. Менин апам ушул мектепте үч жылдан бери мугалим болуп иштейт. Биз ушул пандемиянын айынан кыйналып, үйдө ун жок болуп, мектепке тамака төлөгөн акчаны апам сураса, бул акчаны эмне сурайсың деп, мектеп жетекчилери апамды ушул күнгө чейин кордоп, өзүнүн укугун тебелеп келишет. Апам көп жерлерге кайрылды бирок аны эч ким уккан да караган да жок. Ушул 2020-жылы 18-декабрда апам үйгө келип, үйдүн алдынан кулап калды. Биз 11 жаштагы байкем экөөбүз апамды араң үйгө киргиздик. ", - деп Шакирова Асема айтып берди.

Апам көп жерлерге кайрылды бирок аны эч ким уккан да караган да жок. Ушул 2020-жылы 18-декабрда апам үйгө келип, үйдүн алдынан кулап калды. Биз 11 жаштагы байкем экөөбүз апамды араң үйгө киргиздик.

"Ошол күнү мектеп жетекчилери апамды кордошуптур. Апамды жыгылганга чейин жеткиришиптир. Кокус апам оорулуу болуп калса, байкем экөөбүздү ким багат?

Камчыбек ата, мен ушул жаңы жылдык белектин ордуна сизди Кемин шаарына келип, мектептерди текшерип, апама көңүл буруп коюуңузду суранам. Ушуну сизден көп-көп суранам", - деп УКМКнын жетекчисине кайрылды.

Мектеп окуучусунун кайрылуусу УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынып, УКМКнын Чүй башкармалыгына мектепти текшерүү боюнча тапшырма берилди.

"Учурда ар тараптуу текшерүү иштери башталды, анын ичинде үй-бүлөнүн материалдык абалы дагы", - деп УКМКнын билдирүүсүндө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/168