Базарлардагы акысыз тестирлөө учурунда сегиз адамда ВИЧ аныкталган
RU

Базарлардагы акысыз тестирлөө учурунда сегиз адамда ВИЧ аныкталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин базарларында ВИЧ, сифилис жана гепатит В,Сни аныктоочу акысыз, анонимдүү тестирлөө жүрүп жатат.

Бүгүн 30-ноябрда "Дордой-Дыйкан" базарында, ал эми эртең 1-декабрда "Орто-Сай" базарында тестирлөө жүрөт. Мобилдик биолабораториянын иштөө убактысы - саат 10:00дон 15:00гө чейин.

Республикалык "СПИД" борборунун билдирүүсүнө ылайык 30-ноябрга карата жети күндүн ичинде Бишкектин базарларындагы мобилдик клиникалардан 500кө чукул адам текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын ичинен сегиз адамдын ВИЧ тестинин натыйжасы оң болуп чыккан.

Мындай акцияларды өткөрүү демилгесин Республикалык "СПИД" борбору көтөрүп чыккан. Тестирлөө быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Мобилдик бригадаларды базарларга жөнөтүүнүн негизги максаты ВИЧ илдетин аныктоо эмес. Башкысы, адамдарда маал-маалы менен өз алдынча тест тапшырып туруу маданиятын калыптандыруу.

Ушул жылдын сентябрь айында 16 күн акция жүрүп Кыргызстан боюнча 1,5 миң адам изилдөөдөн өткөн, алардын ичинен бешөөндө ВИЧ аныкталган.

Кыргызстанда ВИЧтин жайылып кетүүсүн алдын алуу кызматында экспресс -диагностика жасай турган беш мобилдик микробиологиялык лабораториялар ийгиликтүү иштеп жатышат. Алар эл аралык, өзгөчө Россотрудничество менен кызматташуунун алкагында биздин өлкөгө тапшырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16