Милиция кышында жоголгон жигитти дагы деле издеп жатат
RU

Милиция кышында жоголгон жигитти дагы деле издеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кышында жоголгон 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дагы деле изделүүдө. Чүй ОИИББден билдиришкендей, бүгүнкү күндө жигитти издөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Маматалы уулу Мукамбеталы 2024-жылы 14-январга караган түнү саат 02:58де Бишкектеги үйдөн чыгып кеткен.

Белгилери: бою 180-185 см, чачтары кара, көзү кара күрөң. Өзгөчө белгилери - сол кашында тырыгы бар жана эс-тутумунда көйгөйү бар.

Ал кара күрмө жана кара шым, башында Nike деген жазуусу бар кара кепка кийип жүргөн. Бутунда спорттук бут кийим.

Дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалымат билгендер болсо: 0312 36 35 23, 0312 36 35 27, 0708 30 50 79, ошондой эле 102 кыска номерине чалып коюуну башкармалыктан суранышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17196