Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди
RU

Ош шаарында Иран өлкөсү тарабынан курулган спорт комплекси пайдаланууга берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-декабрда Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Иран Ислам Республикасы гранттык негизде курган жаңы спорт комплекстин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы маалымдады.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харразиден, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Т.Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Иран Ислам Республикасынын элчисине ыраазычылык билдирди.

"Кыргызстан-Иран" достук спорт комплекси бир гана биздин келечектеги чемпиондорду даярдоо эмес, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт",-деди шаар жетекчиси.

Берилген маалыматка ылайык, аталган спорткомплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар.1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт.

Спорт комплекстин короосунда да волейбол аянтчасы бар. Мындан тышкары кичи балдар ойноочу аянтча курулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/172