Боом капчыгайында бир нече күнгө жол кыймылы чектелет. Убактысы
RU

Боом капчыгайында бир нече күнгө жол кыймылы чектелет. Убактысы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боом капчыгайында жол кыймылы бир нече күнгө чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мекемеси эскертти.

Ведомоствонун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, автомобилдик жана темир жолдук транпорттун жол жүрүү коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек-Нарын-Торугарт автожол трассасында 3 901 км (автожолдун 131 километринде) тиилкесинде тоодогу кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Иштер эртең мененки саат 9дан 15:00го чейин жүргүзүлүп, ИИМдин жол кайгуул кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай жабуу менен ишке ашырылат.

Жол тазаланып жаткан учурда транспорт жол тилкенин бир капталы менен гана жүрөт. Ведомоство калктан алдын ала маршрутун пландаштырып алууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1730