Кой-Таш айылынын тургундары бишкектиктер калтырып кеткен таштандыларды жыйнашты. Уят эле
RU

Кой-Таш айылынын тургундары бишкектиктер калтырып кеткен таштандыларды жыйнашты. Уят эле

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теплые ключи" эс алуу аймагы Лебединовка жана ТЭЦ айыл өкмөтүнө карайт. Бирок алар өзүнө тиешелүу жерлерди эч качан жыйнашпайт. Бул тууралуу Kaktus.media редакциячсына жергиликтүү тургундар айтып беришти.

Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекбол Асанкуловдун айтымында, чынында эле "Теплые ключи" эс алуу аймагы Лебединовка жана ТЭЦ айыл өкмөтүнө карайт. Бирок эс алуучу жайдын территориясындагы таштандыларды бүгүн, 25-майда жергиликтүү тургундар жана Таш мойнок менен Кой-Таш айылдарынын жашоочулары жыйнашты.

"Мен көп ирет бул аймакты биздин карамагыбызга өткөрүп бергиле дегем. Бирок өтүнүчүбүзгө макул болушпайт. Үйүлүп калган таштандыларды ар дайым жергиликтүү тургундар жана биздин айыл өкмөтү чыгарат", - дейт Асанкулов.

Анын айтымында, дем алыш күндөрү чогулган акыр-чикир Таш-Мойнок айыл өкмөтү бөлүп берген техника жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен чыгарылды.

Белгилей кетсек, кечээ социалдык тармакта эс алуу аймагындагы таштандылардын үйүлүп калганы кызуу талкууга түшкөн. Анын бардыгын Бишкектен эс алып баргандар калтырып кеткени көп ирет баса белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1734