Президенттикке талапкер Канатбек Исаев шайлоого катышуусу боюнча комментарий берди
RU

Президенттикке талапкер Канатбек Исаев шайлоого катышуусу боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Канатбек Исаев өзүнүн шайлоо штабын таратып жибергенди, деген маалымат боюнча Facebook'тан түз эфир өткөрүп комментарий берди. Анын айтымында ал ишин улантууда жана Нарын облусунун Кочкор районуна барууну пландаштырып жатат.

"Массалык маалымат каражаттарында, интернет булактарда Исаев шайлоого катышпайт экен. Же болбосо Исаев сүйлөшүп алыптыр, кысымдарга чыдабай, талапкерлигин формалдуу түрдө эле сактап калат экен, деген жалган маалыматтар чыкты. Мен ал боюнча маалымат берип коеюн. Эч кандай андай болгон жок. Эми, штабда анча-мынча өзгөрүүлөр болду. Штаб толук кандуу ишин улантып атат. Бүгун Чүй-Токмок эли менен жолугушуу өткөрдүк. Эртең Кочкорго Каныбек Иманалив менен барабыз", - деп Исаев түз эфири учурунда айтты.

Эске салсак, өткөн жумадан тартып президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталган. Ал 2021-жылдын 9-январынын эртең менен саат 8:00го чейин созулат. Президенттик шайлоого бардыгы болуп 18 талапкер ат салышууда. Мөөнөтүнөн эрте белгиленген президенттик шайлоо жана референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/174