Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жыйын өткөрдү
RU

Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жыйын өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бир катар милдеттерди койду. Бул тууралуу президенттик4 аппараттын маалымат бөлүмү билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, кыска мөөнөтүү жана узак мөөнөттүү пландарга жана милдеттерге, бардык мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара кызматташууну камсыз кылуу жана күчөтүү чараларына басым жасады.

Президенттин Администрация Жетекчиси мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле жарандык коом институттары менен жигердүү иш алпарууну камсыздоонун маанисин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1766