"Бишкекзеленхоздун" жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан кетти
RU

"Бишкекзеленхоздун" жетекчиси Эльнура Жолдошева кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бишкекзеленхоз" муниципалдык мекеменин жетекчиси Эльнура Жолдошева иштен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Kaktus.media'га жеке булактар кабарлашты.

"Бишкекзелехоз" мэрияга караштуу, бирок мэрия Жолдошеванын отставкасы тууралуу азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, Жолдошеванын кызматынан кетүүсүнө Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлөбаев тарабынан айтылган сын пикир себеп болду. Ал эмен багындагы зыянкеч менен күрөшүү процессине нааразы болгон. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер боюнча отчет берилген болчу.

Эске салсак, 2018-жылы жазында мэрия тарабынан шаарга 1540 көчөт тигилген. Алардын ар бири 9090 сомго айланган. Көчөттөрдүн кымабаттыгы шаардыктардын нааразычылыгын жараткан. Муниципалдык чиновниктер каражатты рационалдуу эмес сарптап жатышат, коррупция орун алган, деген айыптоолор айтылып, сот муниципалдык мекемени 10,6 млн сом кайтарып берүүнү милдеттендирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/176