Бишкек мэриясы баш кошкон түгөйлөрдү дарак отургузууга чакырган долбоорду баштады
RU

Бишкек мэриясы баш кошкон түгөйлөрдү дарак отургузууга чакырган долбоорду баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы жаңы үйлөнгөн түгөйлөрдү үй-бүлөлүк дарак отургузууга чакырып, экологиялык жана социалдык долбоор ишке киргизилип жатканын маалымдады.

Долбоор Бишкек шаарын жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана жарандардын айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталып, эки жаштын үй-бүлөлүк символу катары узак жылдар бою сакталат дешет мэриядан.

Белгиленгендей, долбоорго катышуу үчүн бак отургузула турган күнгө чейин эң кеминде эки жума калганда Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында билдирүү калтыруу керек болот. Катышуучулар күндү, убакытты жана каалаган аймакты өздөрү тандап, андан соң төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүшөт.

Жаңы үйлөнгөндөргө бак-дарак отургузуу үчүн белек сертификаты да бар. Долбоордун алкагында алгачкылардан болуп билдирүү калтырган жаңы үйлөнгөн 5 түгөйгө көчөттөр белекке берилет. Билдирмени 0880 005123 телефон номери аркылуу калтырсаңыз болот.

Көчөттөрдүн баасы:

  • 10-апрелден 25-октябрга чейин жабык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу үчүн 15 500 сом;
  • 10-марттан 10-апрелге чейин эрте жазда жана 26-октябрдан 25-ноябрга чейин күзүндө ачык тамырлуу көчөттөрдү отургузуу үчүн 7800 сом.

Бак-дарактар сугат системасы бар жана муниципалдык кызматтар (парктар, скверлер жана башка коомдук жайлар) тарабынан тейленүүчү аймактарга отургузулат. Көчөттөр белгиленген талаптарга жооп берип, адистер менен алдын ала макулдашылышы керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18124