Биринчи жолу. Баткенден Ысык-Көлгө учак каттай баштайт
7
Asman Airlines авиакомпаниясы 16-июлдан тарта Баткенден Тамчыга жүргүнчүлөрдү ташуу иштерин баштайт.
"Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан кабарлашкандай, каттам ар бейшемби күнү эртең менен аткарылат. Бул жүргүнчүлөргө эс алуу убактысын максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жол жүрүү убактысы болжол менен бир саатты түзөт. Каттам 16-июлдан 3-сентябрга чейин жүргүзүлөт.
Бир тарапка билет баасы 6500 сомдон башталат. Бул баа авиакомпаниянын расмий сайтынан же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алынганда гана жеткиликтүү, комиссиясыз жана кошумча төлөмдөрсүз.
Ал эми кышында Баткен-Каракол аба каттамы пландаштырылууда.
Тема боюнча:
Белгилесек, буга чейин Ош-Тамчы каттамы ишке киргизилген.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18126
