Садыр Жапаров уулун үйлөнтүп Саруу айылына кудага барды
RU

Садыр Жапаров уулун үйлөнтүп Саруу айылына кудага барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун уулу Рустам үйлөнүп, Саруу айылында куда тосуу өттү. Тойдун видеосу ушул дем алыш күндөрү соцтармактарга тараган.

Белгилей кетсек, Рустам Жапаров 2019-жылы эле үйлөнгөн, ал кезде анын атасы камакта болчу.

Жакында жаш жубайлар кыздуу болушкан. Эми кудалар кыргыздын салтын кармап, келиндин ата-энесинин үйүнө барышкан. Бул ирет тойго Садыр Жапаров өзү да катышты.

Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов өзүнүн баракчасына Садыр Жапаровдун кудалар менен учурашып жаткан видеосун жүктөгөн. Кудалар Жапаровдордун үй-бүлөсүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылында тосуп кошоктошту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17