Дүйнөлүк чемпионаттын төртүнчү күнү: Германия жаңы команданы ири эсепте жеңди
2026-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын төртүнчү күнү кызыктуу учурларга бай болду. Германия турнирдин дебютанты Кюрасаону ири эсеп менен жеңсе, Япония Нидерланддар менен болгон беттеште тең чыкты. Ошондой эле Кот-д'Ивуар менен Австралия өз тайпаларындагы алгачкы жеңиштерин камсыздашты.
2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын төртүнчү күнүндөгү жыйынтыктар:
- Австралия – Түркия - 2:0;
- Германия – Кюрасао - 7:1;
- Нидерланддар – Япония - 2:2;
- Кот-д'Ивуар – Эквадор - 1:0;
- Швеция – Тунис - 2:1 (оюн күнүнүн соңуна карата).
14-июнь, жекшемби күнү D, E жана F тайпаларынын беттештери өттү.
Эң көп гол киргизилген оюн Е тайпасында орун алып, Германия Кюрасаону 7:1 эсебинде жеңди. Немис курамасы азырынча турнирдеги эң ири упайды камсыздап, тайпанын сап башына чыкты.Күндүн дагы бир өзгөчө окуясы Нидерланддар менен Япониянын ортосундагы 2:2 эсебиндеги тең чыгуу болду. Япония оюн учурунда эки жолу эсепти теңеп, күчтүү делген команда менен бирдей упайга ээ болду.
Е тайпасында Кот-д'Ивуар да жеңишке жетишип, Эквадорду 1:0 эсебинде утту.Ал эми D тайпасында Австралия чемпионаттагы алгачкы сенсациялардын бирин жаратып, Түркияны 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңди. Оюнга чейин көпчүлүк адистер фаворит катары түрк курамасын көрсөтүшкөн.
Германиянын дымагы
Футбол күйөрмандарынын өзгөчө көңүлүн Германиянын оюну бурду. Төрт жолку дүйнө чемпиондору 2018 жана 2022-жылкы чемпионаттарындагы ийгиликсиз жыйынтыктардан кийин өздөрүн кайрадан көрсөтүүнү максат кылып келишкен. Кюрасаону жеңүү немистер үчүн 2014-жылдан бери дүйнө чемпионатындагы алгачкы жеңиштүү старт болду.
Кюрасао үчүн тарыхый учур
Ири эсепте жеңилгенине карабастан, Кюрасао күндүн эң таасирдүү учурларынын бирин тартуулады. Калкы болжол менен 160 миң адамды түзгөн арал мамлекети дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы калкы жана аймагы боюнча эң кичине өлкө болуп калды. Германиянын дарбазасына киргизилген гол Кюрасаонун дүйнө чемпионаттарындагы алгачкы голу катары тарыхта калды.
Кийинки оюндар
Бешинчи оюн күнүндө турнирге дагы бир катар фаворит командалар кошулат. Алар Испания, Бельгия, Уругвай жана Иран курама командалары.
