"Түндүк" тиркемесинде шайлоочулардын кабинети пайда болду
RU

"Түндүк" тиркемесинде шайлоочулардын кабинети пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Түндүк" мобилдик тиркемесинде Кыргызстандын жарандары үчүн шайлоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган жаңы санариптик кызмат - "Шайлоочунун кабинети" ишке киргизилди.

БШКдан билдиришкендей, бул кызматтын ишке киргизилиши жарандардын шайлоого байланыштуу маалыматтарды алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Атап айтканда, шайлоочуларга онлайн форматта шайлоо участогу тууралуу маалымат алууга, буга чейин берилген арыздарды көрүүгө, шайлоо участоктору боюнча каттоосу кайда которулганы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилесек, буга чейин "Шайлоочунун кабинети" өзүнчө сайтта жеткиликтүү болчу.

Жаңы мобилдик кызмат "Түндүк" тиркемесинин колдонуучуларына жеткиликтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18029