Мыйзамдаштырыла турган чет элдик номерлүү унаалардын саны айтылды
RU

Мыйзамдаштырыла турган чет элдик номерлүү унаалардын саны айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 2500дөн 5000ге чейинки чет элдик номерлүү унаалар легалдаштырылат. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспортту лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Нурдин Самбаев Kaktus.media сайтына билдирди.

Ал чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча президенттин жарлыгы чыкканын эске салды.

Самбаевдин айтымында, 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин 30 086 унаа мыйзамдаштырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда унаа токтотуучу жайларда чет элдик номерлүү 800гө жакын транспорт турат. Ошондой эле жол кыймылынын катышуучусу деп эсептелбеген 2500-5000 унаа бар.

Алардын айрымдары өлкөгө 2025-жылы импорттолгон жана мыйзамдаштырууга жатпайт дейт Самбаев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18039