Эл артисти Улукмырза Полотов дүйнө салды
Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов 83 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу устаттын шакирттери маалымдашты.
Маалымдалгандай, Эл артисти менен коштошуу 19-июнда саат 8:00дө Нарвская 68-2 дарегинде өтөт, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Улукмырза Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган.
1973-жылы Фрунзедеги искусство институтун бүтүрүп, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти болуп иштеген. 1983-жылдан баштап филармониянын алдындагы студияда, искусство институтунда, консерваторияда эмгектенген.
Полотов жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Ал кийинки жылдары Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияда эмгектенген.
Kaktus.kg редакциясы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.