Кара-Көл шаарынын мэри кызматтан эмнеге алынганы белгилүү болду
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Эдилбек Тажимырзаев кызматтан алынды. Буга мэриянын маяна боюнча туура эмес эсеп жөнөткөнү себеп болгон дейт президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков.
Буга чейин соцтармактарда маданият үйүнүн кызматкери видео кайрылуу жасаган. Ал апрель айында айлыгы 100 пайызга көбөйгөнүн, бирок май айында кайра эле мурдагыдай аз маяна төлөнгөнүн айткан.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Көл шаарынын мэриясы кошумча каражатка болгон муктаждык боюнча Финансы министрлигине туура эмес эсептерди жөнөткөнү аныкталды. Учурда "Энергетик" маданият үйү толук көлөмдө кошумча каржыланды. Бардык кызматкерлердин маянасы кайра эсептелип чыгып, жетпей калган каражаттар толугу менен төлөндү.
Президенттин жарлыгын талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду", - деп жазды Орунбеков.
Белгилесек, бүгүн, 19-июнда Эдилбек Тажимырзаевдин ордуна Азамат Турдубеков дайындалды.
