Салык кызматы өлкөдө канча блогер бар экенин айтты
RU

Салык кызматы өлкөдө канча блогер бар экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө блогерликтен каражат тапкан 40 адам бар экенин айтты. Бул туурасында ал IT тармагы, чыгармачыл индустрия жана блогерлер үчүн салыктык каникулдар маселесин талкуулоо учурунда билдирди.

"Биз эсептөөлөрдү жүргүзүп, блогерликтен каражат таап, расмий каттоодон өткөн 40 гана адамды аныктадык. Алар 1,2 миллион сом төлөшкөн", - деп белгиледи салык кызматынын башчысы.

Ал калгандары "акча таппайт, тескерисинче, кооз жашоонун иллюзиясын жаратышат" деп кошумчалады.

Белгилесек, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен IT-адистер, стартапчылар жана блогерлер үчүн салыктык каникул жарыяланган. Бирок коомчулукта "блогерлер кайсы критерийдин негизинде салыктан бошотулду" деген нааразычылыктарды жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18048