Марлен Маматалиев "75чилердин каты" тууралуу: "Чөөнүн кылыгын жасамай болушкан"
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев "75чилердин каты" парламентке кантип келгени тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, кат түшкөндөн кийин ар кандай божомолдор болбосун деп дароо ички иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Каттын келиши боюнча көрсөтмөлөр алынып, топтолгон материалдар ИИМге өткөрүлгөн.
"Чынында катты Жогорку Кеңеште күтүп жатышкан. Катты каттоодон өткөрбөй күтүп туруу, андан кийин мурдагы төраганын атына каттоо буйругу болгон. Анын кеңешчиси же жардамчысы катты алган. Бирок баары төрага менен макулдашылган. "Билбей калдым, көрбөй калдым" деп актангандары боюнча айтсам, баары билген", - дейт Маматалиев.
Төрага каттын максаты - катты Конституциялык түзүлүштөр, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине кароого жөнөтүү жана президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү ниети болгонун кошучалады.
"Конституция бузулуптур, Баш мыйзам боюнча мындай болушу керек экен" деп, мыйзамды өткөрүү аракетинин бири болгон. Бул болгону бир эле жагы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, "чөөнүн кылыгын" жасамай болушкан. Ал чөөлөр арстанга кол салып жатканын билишкен эмес. Чөө арстанды уткан учур болгон эмес. Арстандын артында 7 миллион эл турат. Мен ойлом, бул аракеттер ишке ашкан жок", - деди Маматалиев.
