Аскар Акаев кыргызстандыктарга Садыр Жапаровго кошумча мандат берүүнү сунуштады
RU

Аскар Акаев кыргызстандыктарга Садыр Жапаровго кошумча мандат берүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаев президент Садыр Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметине" жетүү үчүн дагы бир мөөнөт берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Ысык-Көл форумунда сөз сүйлөп жатып блдирди.

Акаев Ысык-Көл форумунда билдиргендей, эл Жапаровду кыйын кырдаалда шайлаган жана бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасы өсүшкө түшүп, жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Айтымында, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеминде 8-10 жыл талап кылынат.

"Кыргыз эли учурдагы президент Садыр Жапаровго "экономикалык кереметти" улантуу үчүн мандат берсе, дайымкыдай кеменгерлик кылган болот эле", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18064