Аскар Акаев мекенге кайтуу боюнча пикирин айтты
RU

Аскар Акаев мекенге кайтуу боюнча пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл форумуна катышып жаткан мурдагы президент Аскар Акаев мекенге кайтуу боюнча пикирин билдирди. Иш-чарадан кийин журналисттер Акаевге Кыргызстанга кайтабы, жокпу деп суроо узатышкан.

Буга Акаев: "Суранып чакырсаңар келем, албетте. Мекениңде өлүшүң керек да", - деп жооп берген.

Эске салсак, Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандагы "Жоогазын революциясынын" жүрүшүндө өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Россияда жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18065