Баткенде сел жүрүп, свет, таза суу өчтү
RU

Баткенде сел жүрүп, свет, таза суу өчтү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун бир катар аймактарында 22-июнда катуу сел жүрдү. Анын кесепетинен Баткен электр тармактар ишканасынын имаратын жана "Баткен" көмөк чордонун суу каптады.

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынан билдиришкендей, Баткен шаарында жана ага чектеш бир катар аймактарда электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев селдин кесепеттерин жоюу жана кырдаалды көзөмөлдөө боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Анда селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү, электр энергиясын калыбына келтирүү, таза суу менен камсыздоо, жолдордун жана социалдык объектилердин абалын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилесек, 22-июнда кечки саат 19:00 чамасында Баткен шаарынынын ортосундагы сайдан катуу сел келип, болжол менен 12 турак жайдын короосуна каптаган. Ошондой эле шаардагы эки чоң көпүрөнүн үстүнөн сел суулары ашып өткөн. Мэриянын алдын ала маалыматы боюнча, сел кырсыгынан олуттуу жабыркагандар жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18080