Күзүндө мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт
RU

Күзүндө мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы 1-сентябрдан баштап жогорулап, компенсациялык төлөм да берилет. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.

Төрага өз сөзүндө мамлекет тарабынан кызматкерлердин социалдык жактан корголушун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Айтымында, 2022-жылдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110%га, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153%га жогорулаган.

"2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугу үчүн кошумча төлөмдөрдү 50%га чейин көбөйтүү, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизүү каралган", - деди Касымалиев.

Ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат билимди үзгүлтүксүз жаңыртууну жана кесиптик өнүгүүнү талап кылат деп кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18085