Оштон Ысык-Көлгө авиакаттамдар кайра жанданат
88
Asman Airlines 26-июндан тарта Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарын кайра жандандырат.
"Кыргызстан аэропортторунан" кабрлашкандай, авиакаттам түштүк аймактын тургундарына Ысык-Көлгө болжол менен бир саатта жетүүгө шарт түзөт.
Каттамдар аптасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сом, сатуу компаниянын сайтында жана мобилдик тиркемесинде ачылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18098
