Кыргызстанга келген Алымбек датканын урпагы жарандык алды
RU

Кыргызстанга келген Алымбек датканын урпагы жарандык алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымбек датканын тун уулу Абдылдабектин түз урпагы Абдумалик кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Айтымында, президент Садыр Жапаров бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөткөн.

"Кезинде тарыхтын татаал бурулуштарынан улам ата-бабаларыбыздын айрым урпактары чет өлкөлөрдө калып кеткен. Бүгүн алардын өз тамырына, өз элине кайтып келиши тарыхый адилеттүүлүктүн орношу катары бааланууга тийиш. Тарыхый инсандарыбыздын урпактарынын Ата Журту менен байланышынын бекемделиши жалпы элибиз үчүн жакшы саамалык жана маанилүү окуя", - деп жазган Сарыбашов.

Абдумалик Бекзат - Алымбек датка менен Курманжан датканын чыбырасы. Ал 2024-жылы Афганистандан Кыргызстанга келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18111