Бишкектин мэри эл аралык уюмдун вице-президенти болду
147
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Марокконун Танжер шаарында өткөн конгрессте "Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер - Евразия" уюмунун вице-президенти болуп бир добуштан шайланды.
Бул уюм дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүндөгү 240 миңден ашуун шаарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бириктирген эң ири эл аралык уюмдардын бири.
Жаңы кызматта Айбек Жунушалиев шаарларды өнүктүрүү, санариптештирүү, экология жана муниципалдык башкаруу боюнча эл аралык чечимдерди кабыл алууга катышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18113