Конгантиев СИЗОдон үй камагына чыгарылды
128
Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Ленин райондук сотунун чечими менен ал СИЗОдон чыгарылып, үй камагына өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 15-июнда кабыл алынган. Буга чейин Конгантиев тергөө бүткөнгө чейин камакта кармалып жаткан.
Эске салсак, ал быйыл март айында депутаттык мандатын тапшыргандан кийин коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Азырынча иш боюнча тергөө уланууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18114