Садыр Жапаров Венесуэла элине көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров Венесуэла элине көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров жер титирөөгө байланыштуу Венесуэла Боливар Республикасынын утурумдук президенти Делси Родригеске көңүл айтты.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Садыр Жапаров Венесуэлада катталган жер титирөөлөрдүн кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алып, ири кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алган.

"Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле Венесуэла элине аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат президенттин телеграммасында.

Белгилесек, Венесуэлада 24-июнда 39 секунд аралыгында күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Экинчи жер титирөө өлкөдөдөгү акыркы 125 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгону кабарланды. Кырсыктан каза болгондордун саны 920га жетип, 3300дөн ашуун адам жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18115