Адвокат: Ташиев прокурорлорго айыптоолорду алып салууну сунуштады
RU

Адвокат: Ташиев прокурорлорго айыптоолорду алып салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча соттук иш улантылды.

Сот жабык өтүүдө жана ага судья Азирет Медеров төрагалык кылууда.

Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, эртең мененки отурумда Камчыбек Ташиев прокурорлорго айыптоолорду алып салууну сунуштаган.

Адвокаттын айтымында, жактоочу тарап бул сунушту колдогон. Бирок прокурорлор сунушту жоопсуз калтырышкан.

Белгилесек, ушул күндөрү "75чилердин каты" боюнча соттук отурум өтүп жатат. Негизги айыпталуучулар катары УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев, мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмилбек Узакбаев сотко катышууда.

"75чилердин каты" боюнча соттук териштирүү (19 статей)
"75чилердин каты". Ташиев баш болгон айыпталуучуларга өкүм чыкты
2 Июль 2026, 21:22
"75чилердин каты". Судья өкүм чыгаруу үчүн кирип кетти
2 Июль 2026, 17:13
Прокурорлордун 9 жыл сураганын Нурланбек Тургунбек уулу "абсурд" деди (видео)
2 Июль 2026, 11:43
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18128