Таласта издөө иштерин жүргүзүү учурунда каза болгон суучул тууралуу маалымат
207
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Таласта издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон куткаруучу тууралуу маалымат таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты.
Министрликтен белгилешкендей, куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков издөө иштерин жүргүзүү маалында жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18119