"Э" тамгасын "Еге" алмаштыруу сунушу боюнча Улуттук тил комиссиясы комментарий берди
RU

"Э" тамгасын "Еге" алмаштыруу сунушу боюнча Улуттук тил комиссиясы комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз тилиндеги "Э" тамгасын "Е" тамгасына алмаштыруу сунушталды. Мындай демилгени Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы эксперттик топ көтөрүп чыккан.

Алар "э", "ц", "щ", "ъ", "ь", "ю", "ё" жана "я" тамгаларын сырттан кирген сөздөрдө гана калтырууну сунушташкан. Социалдык тармактын колдонуучулары бул маселени бир нече күндөн бери талкуулап келишет. Көптөр кыргыз тилинде кеңири колдонулган "Э" тамгасын алмаштырууга каршы пикирлерин айтышууда.

Ал арада Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия долбоор тууралуу түшүндүрмө берди. Анда кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин практикада колдонуу боюнча көптөгөн сунуштар жана кайрылуулар азыркы учурга чейин байма-бай келип түшүп жатканын билдирди.

"Кайрылууларда эрежелердин айрым пункттарынын так эмес же эки ача түшүндүрүлүшү, өз ара карама-каршы чечмелениши жана алардын ар кандай колдонулушу жазуу практикасында кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгы белгиленген", - дешет мекемеден.

Мындан тышкары, акыркы жылдары мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсү кыйла кеңейгендиктен, талаштуу жоболорду чечүү зарылдыгы келип чыкканы айтылат.

"Бул өз кезегинде орфографиялык ченемдерди заманбап талаптарга ылайык тактоо, тилдик бирдиктерди жазууда бирдей мамилени камсыз кылуу жана талаштуу жоболорду өркүндөтүү зарылдыгын шарттады. Ушуга байланыштуу колдонуудагы орфографиялык эрежелерди жаңы мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү, алардын укуктук макамын бекемдөө жана колдонулушунун бирдиктүү укуктук негизин түзүү зарылдыгы келип чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жумушчу жана эксперттик топтордун сунушу орфографиялык эрежелердин негизги принциптерин өзгөртүүгө эмес, алардын айрым жоболорун тактоого, түшүнүктүүлүгүн жогорулатууга, колдонуудагы карама-каршылыктарды жоюуга жана жазуу маданиятынын бирдиктүү практикасын камсыз кылууга багытталган деп кошумчалады.

Бул долбоор акыркы жана чечүүчү редакция болуп саналбайт. Ошондуктан долбоор боюнча коомчулуктун сунуш-пикирлери кабыл алынат дешти улуттук комиссиядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18134