Франция, Норвегия жана Мексика Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгышты
Футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын 20-оюн күнүндө чоң сенсациялар деле орун алган жок. Германия менен Нидерланд мелдештен четтегенден кийин плей-офф баскычы күтүлгөн жыйынтыктарга кайтып келди. Кийинки айлампага жолдомо алган үч команда тең өз деңгээлин тастыктай алды.
Алгач талаага Норвегия менен Кот-д"Ивуардын курама командалары чыгышты. Африкалык команда эсепти ачканы менен, норвегиялыктар оюнду өз пайдасына буруп, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Муну менен Норвегия 1/8 финалга чыкты, эми Бразилия менен беттешет.
Бул айлампадагы эң ишенимдүү жеңишти Франциянын курама командасы камсыздады. 2018-жылдагы дүйнө чемпиону Швецияны 3:0 эсебинде утуп, атаандашына дээрлик мүмкүнчүлүк берген жок.
Франциялык футболчулар чабуулдагы жогорку натыйжалуулугун жана коргонуудагы ишенимдүү оюнун көрсөтүп, чемпиондук үчүн башкы талапкерлердин бири экенин дагы бир жолу далилдешти. Эми алар 1/8 финалда Германияны сенсациялуу түрдө мелдештен сүргөн Парагвай менен күч сынашат.
Оюн күнүнүн акыркы беттешинде талаа ээлери Мексика Эквадорду 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңди. Мексикалыктар атаандашына кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү дээрлик түздүргөн жок. Бул жеңиш аларды 1/8 финалга алып чыгып, кийинки айлампада Англия менен Конго Демократиялык Республикасынын беттешинин жеңүүчүсү менен ойноого мүмкүнчүлүк берди.
Ошентип, 20-оюн күнүнүн жыйынтыгында Норвегия, Франция жана Мексика Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына жолдомо алышты.
Кийинки оюндарда кызыктуу беттештер күтүлүүдө. 1/8 финалга чыгуу үчүн Англия, Бельгия, АКШ, Сенегал, Босния жана Герцеговина, ошондой эле Конго Демократиялык Республикасынын курама командалары күч сынашат.
